Биз жөнүндө
Запросить предложение
Запросить предложение
Консольдуу текче- бул узун, көлөмдүү же стандарт эмес жүктөрдү атайын горизонталдуу консольдорго жайгаштырып сактоо үчүн колдонулуучу металл конструкция.
Консольдуу текчелердин башкы артыкчылыгы - алардын уникалдуу, бирок ошол эле учурда жөнөкөй конструкциясы. Бул текчелер оптом кампаларда, өндүрүш жайларында, металл базаларда, кампаларда, устаканаларда, курулуш супермаркеттеринде жана чарба дүкөндөрүндө кеңири колдонулат. Колдонуу тармагы улам кеңейип жатат, анткени консольдуу текчелер узун жүктөрдү сактоодо башка конструкцияларга салыштырмалуу талашсыз артыкчылыктарга ээ (мисалы: жыгач материалдары, түтүктөр, профилдер, ДСП, металл прокат, тиричилик техникасы ж.б.). Өндүрүш жана кампалык жайлардын көлөмүн натыйжалуу пайдалануу үчүн консольдуу текчелер эки түрдө чыгарылат: Бир тараптуу(Г-түрүндөгү таяныч мамылары менен) жана эки тараптуу(Т-түрүндөгү таяныч мамылары менен) болуп бөлүнөт. Бир тараптуу консольдуу текчелер дубалга тыгыз орнотуу үчүн арналган жана чоң жүктөрдү көтөрө алышат. Эки тараптуу текчелер эки жагынан тейленет. Алар туруктураак, анткени жүк эки тарапка тең бөлүштүрүлөт.
Консольдуу текчелердин негизги түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
Аралча текчелер- чектелген аянты бар шарттарда товар жүгүртүүнү жана сактоону оптималдаштыруу үчүн эң ылайыктуу чечим болушу мүмкүн.
Дубалга жанаша текчелер- негизинен кампалык жайларга мүнөздүү, адатта дубал боюна жайгаштырылат. Алгачкы караганда, жүктүн жагына ооп кетүү ыктымалдыгынан улам анчейин туруктуу көрүнбөшү мүмкүн, бирок алардын бир тараптуу конструкциясы бул маселени чечип берет - көп учурда алар дубалга бекитилет. Бул болсо эки жактагы жүктүн тең салмактуулугун көзөмөлдөүүнү талап кылбайт - консольдордун жүк көтөрүү мүмкүнчүлүгүн ашырбай коюу жетиштүү.
Чыгымдарды эсептөө
Биз сиздин капчыгыңызга жана сакталган товарлардын көлөмүнө жараша сиз үчүн эң ылайыктуу стеллаждарды тандап беребиз.
Байланыш телефон номурлары
+996508410081
+996708410081
Биздин электрондук почта
recomstellazhikg@gmail.com
Биздин дарек
Бишкек ш., Шопокова көч., 89,
Mega Comfort соода борбору
Бронировать стол
Сизди биздин сайтта тосуп алганга кубанычтабыз!
Эгер кошумча суроолоруңуз болсо, биз менен Сизге ылайыктуу каалаган ыкма аркылуу байланышыңыз — сөзсүз түрдө кеңеш берип, жардам беребиз.
Политика конфиденциальности
Редактируемый текст
Данный сайт использует Cookie
Редактируемый текст